Бугу 08, 2024
Убакыт: 04:34
USD
88.50
89.40
EUR
95.20
96.20
RUB
0.950
0.980

Күз айларында вирустук жугуштуу оорулардын саны көбөйөрү айтылууда

05.08.2020 19:11
782
Күз айларында вирустук жугуштуу оорулардын саны көбөйөрү айтылууда

Эпидемиологиялык кырдаалдын кайрадан курчушуна жол бербөө керек. Бул тууралуу премьер-министр Кубатбек Боронов брифингде билдирди. 

Анын айтымында, дүйнөлүк тажрыйба көрсөткөндөй, айрым өлкөлөрдө эпидемиологиялык кырдаал күнүгө өзгөрүүдө. Эгерде кечээ ооругандардын саны азайганы боюнча айтылса, бүгүн жуктургандар арбын болгону кабарланууда. Айрым мамлекеттер жарандарын сактап калуу үчүн кайрадан карантиндик чараларды киргизүүдө.

Биз 2020-жылдын июль айындагыдай илдеттин туу чокусуна жеткен абалдын кайталанышын каалабайбыз. Бул үчүн барыбыз буга чейин бекитилген санитардык эрежелерди сактоого тийишпиз. Анын үстүнө күз айларында курч респиратордук вирустук жугуштуу оорулардын саны көбөйөрү айтылууда. Буга байланыштуу учурда бардык мамлекеттик жана муниципалдык органдар күз-кыш мезгилине карата даярдык иштерин жүргүзүүдө», - деди премьер-министр. 

 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн