Тынчыбаган шамал, нөшөрлөп жааган жамгыр, суук күндөр, уйкусуз түндөр, саргайган жалбырактар, кызык ойлор менен дагы бир күз кирип келди.
***
Күз канчалык суук болбосун, сен бирөөнүн жазы боло аласың.
***
Күз башка мезгилдерге караганда чөнтөгүнө көбүрөөк байлык ташыйт.
***
Кыш – гравюра, жаз – акварель, жай – майлуу боёк, ал эми күз – башкалардын мозаикасы.
***
Күз – бул башталышы да, аягы да, чыныгы чеберлер дүйнөнү түстөр менен боёгон сыйкырдуу мезгил.
***
Күз алсыраган алтындын морт сыныктары менен жерди кооздой баштайт.
***
Күз – жаратылыштын акыркы сулуулугунун салтанаты.
Булак: "Азия Ньюс" гезити
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн