Жетинин айы 23, 2024
Убакыт: 04:45
USD
86.55
87.05
EUR
89.80
90.80
RUB
0.830
0.875

Күздөгү парламенттик шайлоо да жергиликтүү кеңештердин шайлоосундай болбойбу?

12.04.2021 11:48
1161
Күздөгү парламенттик шайлоо да жергиликтүү кеңештердин шайлоосундай болбойбу?

Жергиликтүү кеңештердин шайлоолору аяктады. Анын алгачкы жыйынтыктары да чыгып, кайсыл партиялардын кайсыл кеңештерде жеңишке жетишкени белгилүү болуп калды. Шайлоонун алдында эле түзүлө калган жаңы партиялар «ишенимдүү» түрдө жеңишти камсыздашты. Албетте, мурдагыдай эле бул жолу да добуштарды сатып алуулар менен коштолду. Болбосо, ошол жеңишке жетишкен жаңы партияларды шайлоочулар таанып-билип деле жетише элек болчу. Ошончо адам ал партиялардын көбүнө добуш бермек тургай, ошончо адамдын тааный турганы да күмөн эле.


Шайлоонун алдын-ала жыйынтыктары белгилүү боло баштагандан тарта эле утулган партиялардын өкүлдөрү «Шайлоонун жыйынтыгын таныбайбыз» деп чыгышты. Мындай нааразычылыктар ар бир шайлоо өткөн сайын болуп келет. Өткөн жылдагы парламенттик шайлоодон кийин да ушундай эле нааразычылыктар айтылган. Ага бийлик кош көңүл мамиле жасап койду эле, жыйынтыгы эмне болгонун билебиз.


Бирок, бул жолу жергиликтүү кеңештердин шайлоосунун жыйынтыгы өткөн жылдагыдай окуянын кайталанышына жеткире албашы мүмкүн. Нааразычылыктар айтылып, талап кылынып, анан акырындык менен басаңдайт. Себеби, алдыда негизги шайлоолордун бири – парламенттик шайлоо турат. Жеңилген партиялар эми ошол шайлоонун камына өтүшөт. Жеңген партиялар деле парламенттик шайлоого даярдык көрө башташат. Андыктан жергиликтүү кеңештердин шайлоосунун жыйынтыктары ашып кетсе 5-6 күнгө чейинки нааразычылыктардын айтылуусу менен коштолот.


Бирок, бир жагдай бар. Эгерде 11-апрелде өткөн жергиликтүү кеңештердин шайлоосундагы мыйзам бузууларга бийлик өкүлдөрү катаал чараларды көрүп, экинчи добуш сатып алууларды жасоодон коркуп кала тургандай деңгээлге жеткирбесе, анда күздө өтө турган парламенттик шайлоодо деле ушул көрүнүш кайталанбай коебу? Жеңил-желпи жаза колдонулуп, бир-эки талапкерин камап, айып пул салып, анан кайра бошотуп жибере турган болсок, анда «парламенттик шайлоодо деле акча таратып, кайра айып пул төлөп кутулуп кетсек болот экен» деген ишеним жаралат. Үгүт иштери маалында «Бул партия бийликтин партиясы» деп базарларды кыдырып, үн күчөткүч менен тартынбай эле кыйкырып жүргөндөргө да кандай чара колдонулганы белгисиз. Эгерде ошол адамга жана ал үгүт жасап жүргөн партияга мыйзам алкагында катуу чара көрүлбөсө, демек административдик ресурс да колдонула берсе болот дегендей таасир калат.


Натыйжада парламенттик шайлоодо да добуш сатып алуулар орун алат. «Бул бийликтин партиясы, колдоп койгула» деген чакырыктар деле кайталанат. Натыйжада кайрадан эле бийликке жакын жана капчыктуу партиялар парламентке келет. Ошондон кийинки нааразычылыкты токтотуу оор болуп калат. Биздин өлкөгө эми ар кандай башаламандыктын, күч менен бийликтин алмашуусунун кереги жок. Ансыз да мамлекетибиз жардын кырында турат. Бирок, ошого жеткирбеш үчүн жергиликтүү кеңештердеги шайлоолордо болгон мыйзам бузууларга катаал чаралар көрүлүшү керек.


Сагынбек Сатыкеев


Пикирлер (1)

Коопсуздук коду
Таа
Ушундай еле ыплас отот.А ел добушун сатканга дайым даяр.