Жогорку Кеңештин 6-чакырылышынын сапары өткөн жылы эле карыган, бирок өлкөдөгү саясий кырдаалга байланыштуу эгемендүү Кыргызстандын тарыхында биринчи ирет парламент депутаттары алты жылдык мөөнөт өтөштү. Эми алдыдагы күз мезгилинде кезектеги 7-чакырылыш үчүн парламенттик шайлоо өтүшү керек. Бул шайлоо 11-апрелде жалпы элдик референдум аркылуу кабыл алынган Конституциянын жаңы тартиптерине ылайык өтөт.
Негизи үч долбоор иштелген: пропорционалдык система боюнча преференциалдык добуш берүү, аралаш вариант – бир мандаттуулар жана партиялар ачык тизмелери менен (55\35 санда) жана жабык тизмелер менен мажоритардык-пропорционалдык добуш берүү.
Президенттин администрациясы акыркы вариантына токтолду. Эми аны Жогорку Кеңеш жактырып берсе, демек күздөгү парламенттик шайлоо ошол тартип менен өтөт. Бул жаңы тартиптин кандай өзгөчөлүктөрү бар?
Эксперттердин берген баасына таянсак, сунушталып жаткан вариант тең салмакталган, айрым нормалары прогрессивдүү. Жаңы Конституцияга ылайык Жогорку Кеңештин депутаттарынын саны эми 90 болот. Анын 35и бир мандаттуулар болсо, 55и партиялык тизме аркылуу келет. Белгилей кете турган жагдай, саясий партиялар үчүн «ушул сандан ашпаш керек» деген чектөө жок. Ошол 55 мандаттын баары тең бир партиянын шыбагасына да туш болушу мүмкүн. Ал эми мурунку Конституция боюнча бир партия 65тен ашык мандатка ээ боло албай тургандыгы көрсөтүлгөн. Бирок, бир дагы партия анчалык мандатка ээ боло тургандай добуш алганы болгон эмес.
Шайлоо босогосу мурдагы 7%дан 3%ка, ал эми шайлоо күрөөсү 5 миллион сомдон 1 миллионго төмөндөтүлдү. Бир мандаттуу округ менен шайлоого аттангандар үчүн күрөө 100 миң сом.
Бир мандаттуу округдан бара турган талапкерди партиялар да көргөзө алат. Ошол эле убакта өзүн-өзү көрсөткөндөргө да укук берилет. Эгерде талапкер өзүн-өзү көрсөтсө, анда ал өзүнүн округу боюнча 1000 адамдын колун топтоосу шарт.
Эгерде кандайдыр бир себептер менен бир мандаттуу округдан шайланган депутат ыйгарым укуктарын токтотсо, анда ал округда эки айдын ичинде кайрадан шайлоо өткөрүлөт. Бирок, бир шарты бар, ал убакта парламенттин мөөнөтү аяктарына бир жылдан кем эмес убакыт бар болушу зарыл.
Өзгөчө баса белгилеп кое турган норма бул – шайлоо мыйзамдарын одоно бузган (добуш сатып алуу, административдик ресурстарды пайдалануу сыяктуу) талапкер, же партия кайрадан өтө турган шайлоолорго катыштырылбайт. Мына ушул норма коомчулук күтүп турган талап болчу.
Эгерде кайсы бир мамлекеттик жана муниципалдык кызматта кызматкер, же жетекчи болуп турган адам шайлоого аттанса, анда ал шайлоо өнөктүгү маалында гана убактылуу кызматтык милдеттерин токтотуп турбастан, биротоло отставкага кетет. Бул шарт административдик ресурстарды колдонууга бөгөт кое турганына ишеним жаратат.
Ал эми талапкерлердин алдын-ала өздөрүнүн жана жакын туугандарынын кирешелери, мүлктөрү тууралуу маалыматты ачыктап коюшу тууралуу шарт дагы учурдун талабы. Себеби, депутаттын мандат алганга чейин кандай мүлктөргө ээ болгону, анан парламентте отурган убактысында дагы канча мүлктөргө ээлик кылып чыга келгени коомчулукка ачык болушу маанилүү. Ушундан эле депутаттын канчалык деңгээлде таза иштегени билинип калат.
Балким оңдоого муктаж деген бир жагдайы бар. Мисалы, шайлоо босогосу (жалпы мамлекеттик) 3% дегенибиз менен, регионалдык (7 облус жана Бишкек, Ош шаарларында) шайлоо босогосу 0,7% боюнча калган. Ошондо жалпы мамлекеттик шайлоо босогосу мыйзам долбоорунда жазылгандай 3% эмес, 6,3% болуп калууда. Андыктан регионалдык босогону да төмөндөтүү зарылчылыгы бар эле деген пикирлер бар.
Шайлоого аттанган саясий партиялардын тизмесинде талапкерлеринин саны 55тен ашпашы керек. Ошону менен катар төмөндөгүдөй талаптары да бар:
1. Тизмеде бир жыныстагы талапкерлер 70%дан көп болбошу жана алардын кезеги эки позициядан ашпашы зарыл.
2. 15%дан кем эмес талапкерлер 35 жаштан төмөн болушу шарт, алардын үчтөн кем эмеси алдыңкы 25тин ичинде болушу шарт.
3. 15%дан кем эмес түрдүү этностордун өкүлдөрү жана алардын үчөө алдыңкы 25тин ичинде болот.
4. Мүмкүнчүлүгү чектелген жактардан экиден кем эмес талапкер болушу жана алардын бирөө алдыңкы 25тин ичинде болушу керек.
Бир мандаттуу округдар үчүн делген 35 мандаттын 15и аялдар үчүн каралган. Бирок, бир округдан аял жана мырза талапкер ат салышса, анын аял-талапкери утуп чыгат дегенге кандай кепилдик бар экени табышмак. Же кайсы бир округдарда жалаң гана аял талапкерлер ат салышы керек болобу? Ушул норманын кантип ишке аша турганына азырынча толук түшүнүү кыйын болуп турат.
Дагы бир жагдай – бир мандаттуу округдан ат салышкан талапкерлердин ичинен көбүрөөк ошол округга таанылгандар, же мурда-кийин ошол округга түрдүү жардам көрсөтүп келгендер гана шайланышы мүмкүн. Балким, тууганчылык, кошуначылык, дос-санаалаштык деген көрүнүштөр күчөп кетет. Себеби, тээ 2000-жылдары бир мандаттуу округдарда шайлоолор кандай болуп келгенин эл жакшы билет. Бир эле райондун эли экиге бөлүнүп калган учурлар кездешкен. Эми кайрадан ошондой көрүнүштөр орун албайбы?
Бир мандаттуу округдан аттанган талапкер үчүн жеңил боло турганын айткан эксперттер да бар. Мисалы, саясат таануучу Шерадил Бактыгулов мындай дейт: «Өзүн-өзү көрсөткөнбү, же партиядан баратканына карабастан, бир мандаттуу округдан бараткан талапкер республикалык масштабда белгилүүлүктөн көз каранды эмес. Ал башка талапкерлер үчүн актанбайт жана саясий уюмдун тарыхына жана анын программасына байланыштуу ыңгайсыз суроолорго жооп бербейт. Ал шайлоочуларга партияны эмес, өзүн сунуштайт».
Эң башкысы бир мандаттуу округ аркылуу өзүнүн кичи мекенинде салмактуу орду бар, көйгөйлөрүн ичинен билген адамдардын парламентке депутат болуп келишине мүмкүнчүлүк бар.
Эмнеси болсо да, күздөгү парламенттик шайлоо өтө чоң атаандаштыкта өтүшү күтүлөт. 3%дык босого көптөгөн партиялардын Жогорку Кеңешке ашыкча акча коротпостон кирип келишине жол ачып койгондой туюлуп турат. Бирок, баары бир үгүт иштеринен көп нерсе көз каранды. Алдыга озгон партиялар өтө чоң пайыздык айырма менен алдыга озуп келсе, калган партиялардын парламентке келишине жол жок калат.
Коомчулукту ойлонтуп турган башкы маселе – 7-чакырылыштын депутаттарынын деңгээли кандай болот деген суроодо жатат. Билимдүү, сабаттуу, интеллектуалдык деңгээли бийик депутаттар келеби, же куудулдардын ордун баскандардын саны дагы көбөйүп кетеби? Балким, жаңы шайлоо мыйзамдарына ушул өңүттө дагы жаңы нормаларды киргизсек кандай болот эле? Мисалы, маданият тармагынан, илимпоздордон, акын-жазуучулардан, дарыгерлерден да партиянын алдыңкы тизмесинен брондолгон орун берилиши керек эмес беле?
Сагынбек Сатыкеев
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн