Ушул жылдын 4-сентябрынан тарта шайлоо болоруна бир күн калганга чейин өлкө аймагында үгүт иштери жүрөт. Шайлоого катышууга мүмкүнчүлүк алган партиялардын баары өздөрүнүн программаларын коомчулукка көрсөтө баштайт. Бирок, бизде партиянын программасы десе эле таптакыр башкача нукта кетебиз.
Мисалы, айрым партиялар айылдардагы дыйкан-фермерлерге канча трактор алып бере турганын, шаардагы көп кабаттуу үйлөрдүн алдына жарыктандыруу уюштурушаарын, банктан алына турган ипотекалык кредиттин үстөк пайызын аябай төмөн кылышаарын, жолдорду куруп, көпүрөлөрдү оңдошоорун ооз толтура убада кылышат. Эми бул жолку шайлоо алдында ооруканалар жана мектептерди курууну убада кыла тургандар жайнап чыгаары түшүнүктүү.
Мына ушул убадаларды саясий партиянын программасы деп айтууга болобу? Эгерде элдин кулагына жага турган убадаларды эле тизмектеш керек болсо, анда ал жазып чыкканга өтө эле оңой программа. Мисалы, мамлекеттик кызматкерлердин, алардын ичинде мугалим, дарыгерлер, маданият кызматкерлеринин айлык акысын 100 миң сомдон кылабыз, электр энергиясын 7 тыйынга түшүрөбүз деген сыяктуу дагы бир топ убадаларды кошо берсе болот.
Бирок, андай убадалар үгүт иштери менен кошо эле жыйынтыкталып кала турганын буга чейинки шайлоолор көрсөттү. Анын үстүнө ошол убадаларды аткаруу үчүн кандай чаралар, кандай реформалар жасалышы керек экендиги тууралуу эч кимиси ооз ача албайт. Куру убада берип коюу менен мугалим, дарыгер, маданият кызматкерлеринин айлык акыларын 100 миң сомго көтөрүп салууга бюджеттин мүмкүнчүлүгү болушу керек. Эсибизге жара чыкпаса, 2015-жылдагы парламенттик шайлоонун алдында саясий партиялардын бири жаңы төрөлгөн ымыркайларга сүйүнчү пулду 50 миң сомдон кылабыз деген убаданы беришкен. Бирок, ал аткарылган жок. Эмне үчүн? Себеби, мамлекеттик бюджет аны көтөрө албайт. Ошол сыяктуу эле ооз толтура айлыктарды көтөрөбүз деген убада берердин алдында «Кантип?» деген суроого да жоопту кошо айта кетиш керек.
Эгерде саясий партиялардын программалары даяр болсо, анда аны азыртадан эле коомчулукка интернет булактары, маалымат каражаттары аркылуу жарыялай беришсе туура болмок. Себеби, шайлоого чейин алардын ар бири менен кеңири таанышып чыкканга убакыт болмок. Программаларда өлкөнү ар тараптуу өнүктүрүүдө конкреттүү сунуштар, демилгелер жана аларды жүзөгө ашыруунун таасын жолдору көрсөтүлүшү керек. Жалаң убада менен толтурулган программа алдоо үчүн гана жазылган «черновик» болуп калат.
Ачыгын айтканда, шайлоого аттанган партиялардын басымдуу бөлүгүндө дагы деле баягы эски саясатчылар. Бири трактор убада кылган, бири светтин баасын өз баасында кылам дегендер. Анан дагы ар кайсыл саясий күчтөрдүн айдактоосу менен атырылып чыга калчу популисттер. Акчалуулар, олигархтар. Буларды көрүп туруп, жаңы парламенттен да алдын ала үмүт үзүп жиберүүгө мүмкүн. Бирок, үмүттү үзбөш керек. Андан көрө оңолууга жетелей албай тургандарды шайлабай, саясат айдыңынан биротоло айдап чыгуучу убакыт келди. Парламентке популист эмес, сабырдуу, билимдүү, көрөгөч, креативдүү интеллигенттер келиши керек.
Канатбек Аскаров
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн