Бугу 06, 2024
Убакыт: 17:12
USD
88.70
89.60
EUR
95.20
96.20
RUB
0.950
0.975

Күзгө даярдык: Медиктерди келишимдик негизде ишке тартуу тапшырмасы берилди

09.08.2020 15:07
1163
Күзгө даярдык: Медиктерди келишимдик негизде ишке тартуу тапшырмасы берилди

Саламаттык сактоо министрлигине күзүндө эпидемиологиялык кырдаал курчушу мүмкүн экени айтылып жатканына байланыштуу медицина тармагындагы адистерди келишимдик негизде ишке тартуу боюнча маселени карап чыгуу тапшырмасы берилди. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди. 

Маалыматка караганда, республикалык ыкчам штабдын кезектеги жыйынында бир катар актуалдуу маселелер талкууланып, Чүй облусундагы стационарларды керектүү жабдуулар, жеке коргонуучу каражаттар жана дары-дармек менен камсыздоо жагы каралды. 

Өкмөттүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Алтынбек Намазалиев билдиргендей, аймакта зарыл болгон медициналык каражаттардын үч айлык запасы бар.

Премьер-министр Кубатбек Боронов бардык облустардагы ооруканалардан тарта фельдшердик-акушердик пункттарга чейин керектүү каражаттардын запасы болуш керектигин белгиледи. 

«Бул маселелер туруктуу негизде көзөмөлгө алынууга тийиш. Жетиштүү деңгээлде көзөмөлдөп каралбаганы, жоопкерчиликсиз мамиле кылуу жалпы ишке кедергисин тийгизет. Учурда медицина кызматкерлери жарандардын өмүрүн сактап калуу үчүн тынымсыз күрөшүүдө. Биздин негизги максат - коронавирус менен өпкөнүн сезгенишинен каза болгондордун санын максималдуу түрдө азайтуу жана өлүмгө жол бербөө. Ар бир бейтапка жекече мамиле кылынууга тийиш», - деди өкмөт башчы. 

Жыйындын жүрүшүндө курулуп жаткан жана аймактарда оңдоп-түздөөдөн өтүп жаткан ооруканаларды жабдуу маселеси талкууланды.  

Премьер-министр бул медициналык жайларды кадрлар, дары-дармек жана тиешелүү жабдуулар менен толук камсыз кылуунун маанилүүлүгүн белгиледи. 

Штабдын отурумунун соңунда бир катар тапшырмалар берилип, коомдук жайларда, базарларда жана транспортто санитардык көзөмөлдү күчөтүү милдеттендирилди. 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн