Аяк оона 22, 2024
Убакыт: 19:15
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Күзүндө коронавируска сезондук сасык тумоо, пневмококк дагы кошулат, - пульмонолог

24.07.2020 09:43
2132
Күзүндө коронавируска сезондук сасык тумоо, пневмококк дагы кошулат, - пульмонолог


Биз санитардык чаралар тууралуу кайталап айтканыбыз көпчүлүк адамдарга жага бербейт, бирок бул ар бир адам үчүн нормалдуу көрүнүш болушу керек. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин штаттан тышкаркы башкы пульмонологу Талант Сооронбаев "Биринчи радионун" түз эфиринде билдирди. 


"Бул эпидемия маалында нормалдуу көрүнүш болушу керек. Күзүндө бир гана коронавирус эмес, сезондук сасык тумоо, пневмококк дагы кошулат. Өкмөт буга даярданып жатат, биз дагы даярдык көрүп, маанилүү жана туура сунуштарды киргизүүгө аракет кылып жатабыз", - деди ал. 


Т.Сооронбаев дарыгерлер коронавирус менен ооруган адамдарды, сасык тумоо жана пневманияны дарылоо маселелери боюнча профессионалдуу тренингдерди уюштуруу пландалып жатканын кошумчалады. 



Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн