Тогуздун айы 06, 2024
Убакыт: 16:21
USD
84.60
85.10
EUR
92.70
93.70
RUB
0.880
0.925

Квартал башчылары Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиевди "Эмгек" партиясынан коргоп берүүсүн өтүнүштү

10.05.2021 21:11
867
Квартал башчылары Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиевди "Эмгек" партиясынан коргоп берүүсүн өтүнүштү


Бүгүн, АКИpress мааылмат борборунда Бишкек шаарынын МТУ №4 жана МТУ №11дин квартал башчылары, ошондой эле алардын өкүлдөрү билдирүү жасашты.


Маалымат жыйында квартал башчылары МТУнун кызматкерлерине "Эмгек" партиясы 5000 сомдон бергенин, партияны колдосо мындан да көп өлчөмдө акча жана мансаптык өсүш убада кылганын айтышты.


Кварталдык комитеттин төрагасы Марипа Тургунованын айтымында, Арча-Бешик конушунун көптөгөн жашоочулары "Эмгек" партиясы тарабынан добуштарды сатып алуу фактылары жөнүндө айтууга даяр экенин билдирди.


МТУ №4түн кызматкерлери коргонуу үчүн бийлик органдарына кайрылышкан. Алардын айтымында, "Эмгек" партиясынын штабынын кызматкерлери партияны колдоодон баш тартышса, башкача жол менен сүйлөшөбүз деп коркутушкан. МТУнун кызматкерлерин кысым көрсөтүү үчүн патрулдук унааларга агрессивдүү түртүп киргизген фактылар болгон.


Ошондой эле маалымат жыйында МТУ №4түн кызматкерлери мезгил-мезгили менен милицияга жана алардын жашаган жери менен эч кандай байланышы жок бөлүмгө чакырылып турушканын билдиришти. Алар шаардык милиция бөлүмүндө 3-6 саатка чейин кармалып, коркутуп-үркүтүүгө дуушар болушат.


"Квартал башчыларынын көбүнө милиция бөлүмүндө кыйноо болуп жатат", - деди шаардык милиция бөлүмүнүн кысымын көргөн №73 квартал комитетинин төрайымы Марипа Тургунова.


Укук коргоо органдарынын коркутууларын МТУ №4түн квартал башчылары да түшүндүрмөсүндө тастыкташты.


МТУ №11дин жаш кызматкери Адилет Манасбеков да "Эмгек" партиясы тарабынан админресурс колдонгонун айтып өттү. Ага дагы деле болсо МТУ №11дин жетекчилиги кысым көрсөтүүдө. Ал коркутууларды кабыл жатат. Стресстен жана коркутуулардан улам, ал оорулуу боюнча өргүүгө чыгып, бардык убактысын үйдө өткөргөн.


Маалымат жыйындын дагы бир катышуучусу Эркинбек Мамбеталиев 2021-жылы мартта ал милицияга арыз жазганын, бирок шаардык милиция бөлүмүндө анын сөздөрү толугу менен бурмаланып, жалган көрсөтмө берүүгө мажбур болгонун айтты. Шаардык милиция бөлүмүнүн маалыматы боюнча, ал МТУ №4тө административдик ресурс колдонулган деп арыз жазган эмес. Эркинбек Мамбеталиев бул калп экендигин баса белгиледи.


"Эмгек" саясий партиясынын тарапкерлеринин тынымсыз коркутуулары жана кысымына байланыштуу, маалымат жыйындын катышуучулары президент Садыр Жапаровго жана УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевге коргоону суранышты.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн