Бүгүн, 2-мартта Россиянын Тышкы иштер министри Сергей Лавров Украинадагы кырдаалга байланыштуу кайрылуу жасады. Бул тууралуу орус маалымат каражаттары билдирди.
"Россия Украинага ядролук курал алуусуна жол бербейт. Орус-украин делегациясынын сүйлөшүүсүн Украина АКШнын көрсөтмөсү менен кечеңдетип жатат.
Россия менен тилектеш көптөгөн өлкөлөр бар аларды изоляцияда калтыруу туура эмес",- деди Лавров.
Мындан сырткары, Сергей Лавров Европа жана АКШнын санкциялары спорт жана маданият кызматкерлерине таасирин тийгизгенине таң калганын кошумчалады.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн