Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров кыргызстандык кесиптеши Жээнбек Кулубаевге Ульяновск облусунда болгон кайгылуу окуяга байланыштуу көңүл айтты. Каттын текстин Россиянын Кыргызстандагы элчилиги жарыялады.
"Ульяновск облусундагы жол кырсыгында кыргыз жарандарынын каза болгонун терең кайгыруу менен кабыл алдык. Чын жүрөктөн көңүл айтып, жакындарын жоготуп кайгыга батып отурган жарандарга биздин колдоо сөзүбүздү жеткирип коюшуңузду өтүнөбүз", — деп айтылат телеграммада.
Булак: "Спутник Кыргызстан"
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн