Чын курандын 07, 2025
Убакыт: 08:23
USD
86.60
87.10
EUR
94.90
95.90
RUB
1.010
1.050

Лебединов ГЭСин реконструкциялоого тендер жарыяланды

26.11.2024 10:33
251
Лебединов ГЭСин реконструкциялоого тендер жарыяланды


“Чакан ГЭС” ишканасы Лебединов ГЭСин реконструкциялоо иштерин аткаруу үчүн подряддык уюмду тандоо үчүн тендер жарыялады. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен билдиришти.

Маалыматта белгиленгендей, объектти модернизациялоо үчүн инновациялык чечимдерди сунуштоого даяр алдыңкы эл аралык жана атамекендик компаниялар катышууга чакырылган.

Долбоорду ишке ашыруу Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын (ЕРӨБ) кредиттик жана гранттык каражаттарынын эсебинен каржыланат.

Тендердик арыздарды берүү ЕРӨБдүн электрондук “ECEPP” порталы аркылуу 2025-жылдын 13-январына чейин жүргүзүлөт.

Долбоор энергетикалык жабдууларды толук реконструкциялоону жана курулуш объекттерин жаңылоону камтыйт. Иштин сапатына техникалык көзөмөл консультациялык компания тарабынан аткарылат.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн