Лебединовка айылында дүкөндүн алдынан ала качылган Изат Курбанова Беш-Күнгөй айылынан табылды. Бул тууралуу Чүй ОИИБдин басма сөз кызматы кабаралады.
"Изат Курбанова бүгүн Беш-Күнгөй айылындагы үйлөрдүн биринен табылды. Анын ден соолугуна эч кандай зыян келтирилген эмес. Азыркы учурда милиция тиешелүү иштерди жүргүзүүдө",- деп билдирди милициядан.
Эске салсак, Изат Курбанова кечээ байланышка чыгып, аны уурдады деп шектелген жаранга өз макулдугу менен кеткенин билдирген.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн