Бугу 19, 2024
Убакыт: 18:20
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Лебединовка айылынын кызмат адамдарына кылмыш иши козголду

27.03.2023 17:13
377
Лебединовка айылынын кызмат адамдарына кылмыш иши козголду

Чүйдө жер тилкелерин саткан жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.


Маалыматка ылайык, Чүй облусунун прокуратурасы тарабынан мыйзамсыз курулган турак жайларды мыйзамдаштыруу боюнча Аламүдүн районунун мамлекеттик администрациясынын алдындагы түзүлгөн комиссиянын ишмердүүлүгүнө карата текшерүү жүргүзүлгөн.


Текшерүүнүн жүрүшүндө аталган комиссиянын мүчөлөрү бир нече кызмат адамдары менен жең ичинен сүйлөшүп, коррупциялык жол аркылуу Аламүдүн районунун Лебединовка айыл өкмөтүнүн аймагындагы 66,8 га мамлекетке тиешелүү айыл чарба багытындагы сугат айдоо жерлерди документтерди жасалмалоо жолу менен жеке тараптардын менчиги катары катташып, кийиндокументтерди жасалмалоо жолу менен багытын калктуу конуштар категориясына мыйзамсыз которушкандыгы аныкталган.


Натыйжада алар жарандарга аталган жерлерди жеке менчикке мыйзамсыз сатып, мамлекетке ири өлчөмдөгү материалдык зыян келтиришкен.


Аталган факты боюнча Чүй облустук прокуратурасы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 336-беренеси (коррупция) мененкылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн