Кулжа 29, 2024
Убакыт: 01:46
USD
86.20
87.10
EUR
92.10
93.10
RUB
0.960
1.040

Лебединовкада уурдалды делген кыз: Мен аны менен өзүм кеттим (видео)

06.05.2021 21:20
945
Лебединовкада уурдалды делген кыз: Мен аны менен өзүм кеттим (видео)


Лебединовка айылында "Шекер" дүкөнүнүн жанынан уурдалган делген кыз өз эрки менен кетип калган. Бул тууралуу Kaktus.mediaга жигиттин жакындары кабарлашты.


Алардын айтымында, кыз көптөн бери сүйлөшүп жүргөн жигити менен кеткен. Кыздын ата-энеси алардын үйлөнүшүнө каршы болгондуктан, ал качып кетүүнү чечкенин белгилешти.


Далил катары кыз ата-энеси үчүн видео тарткан. Анда ал жигитти жакшы көрөрүн жана бул жөнүндө апасы менен көп сүйлөшкөнүн айткан. Жигиттин туугандары кыздын ата-энеси алардын үйлөнүшүнө каршы болгонун айтышып, бирок жигит тарап кызды кабыл алууга даяр жана алардын турумуш куруусуна кубанып жатышканын билдиришкен.


Эскерте кетсек, 6-май күнү саат 02:00 чамасында Аламүдүн райондук ички иштер бөлүмүнүн нөөмөт бөлүмүнө 2001-жылы туулган К.Ф. арыз менен кайрылып, ал саат 23:00дө Лебединовка айылында жайгашкан супермаркеттердин биринин жанынан эжесин "Тойота Эстима" унаасына уурдап кетишкенин айткан.


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн