Учтун айы 19, 2025
Убакыт: 05:52
USD
87.30
87.80
EUR
89.90
90.90
RUB
0.845
0.880

Ленара Ниязбекова: “Дыйкандар тийешелүү мамлекеттик тармактардан жардам күтүшөт, а аларда жоопкерчилик жок”

30.11.2023 10:47
234
Ленара Ниязбекова: “Дыйкандар тийешелүү мамлекеттик тармактардан жардам күтүшөт, а аларда жоопкерчилик жок”


«Кыргызленд» экспортерлор жана импортчулар ассоциациясынын төрайымы менен маек.


- Бул жылы картошка, болгар калемпири абдан арзан болуп, дыйкандардын айласы кетти. Деги алдын алуу жагы мүмкүн беле?


- Картошканын баасы арзан болуп, баба-дыйкандардын маанайы түштү.  Албетте, рынок тууралуу түшүнүктөр бизде солгун. Аны дыйкандар тургай, экономика, рынок, айыл чарба азыктарын өстүрүү боюнча саясат жүргүзүп, миллиарддарды айыл чарба тармагына бөлүштүрүп отурган айрым аткаруу бийлигиндегилер деле түшүнүшпөйт. Мындай учурда дыйкандар тийешелүү мамлекеттик тармактардан жардам күтүшөт, ал эми аткаруу бийлигинде бул жоопкерчиликти аркалагандар түрдүү шылтоолор менен өздөрүн коргоо позициясына өтүшөт. 30 жылдан бери аткаруу бийлиги менен дыйкандардын ортосундагы алакалар ушул көрүнүштөрдөн алыс кете элек. Маалымат айдыңында айыл чарбасы боюнча жакшы иштер, жакшы финансылык каржылоо жүрүп жатканы байма-бай айтылып келет. Арийне, турмуш чындыгына, практикага келгенде реалдуулук башка болуп калып жатат. Ооба, Кыргызстан ЕАЭБдин, ДСУ (ВТО) мүчөсү болгонуна карабай, айыл чарба азыктарын экспорттоо боюнча туруктуу, системдүү орду жок. Себептери өтө терең. Ушул эле коңшулаш турган Казакстан, Өзбекстан, Түркмөнстан, Тажикстан, о.э. Россия мамлекеттери сырткы рынокко өздөрүнүн айыл чарба азыктарын да легалдуу жолдор менен экспорттоп, эл аралык рынокто туруктуу позицияга ээ. Биз алардын айыл чарба азыктарын импорттоп, алардын кардарыбыз. Эмне үчүн картошка, пияз, капуста, болгар калемпири, жадагалса мактаган төө буурчагыбыз деле жана башка ушул сыяктуу айыл чарба азыктарын туруктуу сатуу жолго коюлбай келет? Мейли, ички оор рыноккобу, мейли сырткы рыноккобу, айыл чарба азыктарын сатуу боюнча атаандаштык дыйкандар менен тийешелүү мамлекеттик мекемелердин бирдиктүү иш-аракетине тыгыз байланыштуу. Рынок – бул саясат, рынок – бул күрөш. Бул бир күндүк же бир жылдык күрөш эмес. Анткени рыноктогу атаандаштык аёосуз катаал. Рыноктун шарттары, талаптары жылдан жылга тездик менен өзгөрүп жатат. Айыл чарба министрлиги “картошка боюнча кластер түздүк” деп жарыялаган эле. Ошол кластерди кымбат үрөндөрүн сатканга эле шарттабай, картошканы ушундай кысталыш учурда рынокко алып чыгууга да шарттаса жакшы болмок. Негизи картошка экинчи нан деп ар дайым бааланып келген. Мисалы, коңшулаш мамлекеттердин картошкасы 15 сом болсо, биздин дыйкандардын картошкасы 40 сом болуш керек. Анткени буга себеп бар. 


Жыйынтыктап айтканда, дыйкандар өстүргөн айыл чарба азыктарын куру статистика үчүн колдонуп, алардын эмгегин менчиктештире берген моданы токтотуп, аткаруу бийлигиндеги тийешелүү мамлекеттик мекемелер дыйкандар менен болгон өнөктөштүктү жана тилектештикти жолго коюусу абзел. 

Булак: "Азия Ньюс" гезити

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн