Бугу 17, 2024
Убакыт: 17:03
USD
88.30
89.20
EUR
95.50
96.50
RUB
0.960
0.980

Ленин РИИБдин башчысынын орун басары мас абалда Патрулдук милициянын кызматкери менен мушташкан

26.02.2021 10:21
1083
Ленин РИИБдин башчысынын орун басары мас абалда Патрулдук милициянын кызматкери менен мушташкан

Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын башчысынын орун басары Талгат Өскөналиев мас абалында кайгуул милициясы менен мушташкан. Бул тууралуу Kaktus.media билдирди.


Алдын ала маалыматтар боюнча, окуя Бишкекте 21-февралга караган түнү болгон. Өскөналиев айдап бара жаткан унааны Патрулдук милиция кызматкерлери токтотуп, айдоочу мас абалында деп шектенишкен.


Патрулдук милиция кызматкерлеринин айтымында, Өскөналиев алардын документтерин көрсөтүү боюнча мыйзамдуу талабынан баш тарткан. Алардын ортосунда оозеки айтыш болуп, мушташка айланган.


Ленин РИИБдин башчысынын орун басары наркологиялык клиникага жеткирилсе дагы, ал текшерүүдөн өтүүдөн баш тартып, каршылык көрсөтө баштаган.


Буга байланыштуу окуя болгон жерге ИИМдин Ички иликтөө кызматынын кызматкерлери келишти. Өскөналиев дагы алар менен мушташкан. Алардын биринин  мурунду сынганы белгилүү болду.


Ошондой эле, милиция кызматкери учурда ооруканада экендиги маалымдалды.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн