Бугу 07, 2024
Убакыт: 23:16
USD
88.50
89.40
EUR
95.20
96.20
RUB
0.950
0.980

Ленин округу боюнча шайлоодо добуш сатып алуу фактысы менен иш козголду

30.05.2023 10:37
1667
Ленин округу боюнча шайлоодо добуш сатып алуу фактысы менен иш козголду


№26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча депутатты мөөнөтүнөн мурда шайлоодо шайлоочулардын добушун сатып алуу фактысы боюнча Ленин райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери кылмыш ишин козгоду.


Такталгандай, сотко чейинки териштирүүлөр депутаттыкка талапкер Дамира Ниязалиевага үнү окшош аял Роман аттуу агитаторлорунун бири менен добуш сатып алуу боюнча сүйлөшүп жаткан аудиотасма тарагандан кийин башталган. Кечээ Дамира Ниязалиеванын шайлоо штабында тинтүү иштери жүрдү.


Белгилей кетсек, депутаттык шайлоодо утуп чыккан талапкердин өзү бул монтаж экенин, андай сүйлөшүү болбогонун билдирген.


28-майда Ленин районунда парламенттин депутатын шайлоо болуп өттү. Рекорддук төмөн 13,9 пайыз шайлоочулардын катышуусуна карабастан, шайлоо өттү деп табылды, анткени парламенттик жарышты өтпөй калды деп эсептөөгө мыйзамдуу негиздер болгон жок.


Борбордук шайлоо комиссиясынын расмий жыйынтыгы 11-июнга чейин чыгарылышы керек.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн