Бугу 05, 2024
Убакыт: 07:32
USD
88.70
89.60
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

Ленин округунан шайлоого катышуу ниетин билдиргендердин саны 16га жетти

02.08.2023 16:33
909
Ленин округунан шайлоого катышуу ниетин билдиргендердин саны 16га жетти


Бүгүнкү күнгө карата Борбордук шайлоо комиссиясына №26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоого катышуу ниети менен 16 талапкерден арыз түштү.

Маалыматка ылайык, төмөнкү жарандар азыр берген:

- 33 жаштагы активист Эртай Искаков;
- 29 жаштагы коомдук ишмер Аскар Алмаз улуу;
- 62 жаштагы "Партия Зеленых Кыргызстана" СП төрагасы Булекбаев Эркин Касымович;
- 40 жаштагы коомдук жана саясий ишмер Ремнёв Роман Павлович;
- 65 жаштагы коомдук жана саясий ишмер Бакир уулу Турсунбай;
- 66 жаштагы пенсионер Асылбеков Куттуубек Бообекович;
- 62 жаштагы врач, хирург-онколог Нышанов Назарбек Айтбекович;
- 69 жаштагы Айыл чарба министрлигинин кызматкери Мамаев Сулайман Шамшиевич;
- 76 жаштагы Аскер ардагери Токтогул Какчекеев;
- 35 жаштагы саясатчы Абиров Жаныбек Болотбекович;
- 46 жаштагы мурдагы мамлекеттик кызматкер Тагаев Русланбек Таштанбекович;
- 47 жаштагы жеке ишкер Шаршенбиев Бакытбек Нурджанович;
- 56 жаштагы дарыгер-педиатр Сооронбаева Нургуль Момуновна;
- 47 жаштагы Эсенаманов Мурат Кубанович, убактылуу иштебейт;
- 42 жаштагы мурдагы депутат Кадыралиева Ыргал Кармышаковна;
- 44 жаштагы аскер кызматкери Осмоналиева Ханзада Исаковна.

Белгилей кетсек, аталган талапкерлердин баары өзүн-өзү көрсөтүшкөн.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн