Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 04:04
USD
84.20
84.70
EUR
93.50
94.50
RUB
0.890
0.940

Ленин районунун акими Чыныбаев УКМК тарабынан кармалды

29.03.2021 12:34
2908
Ленин районунун акими Чыныбаев УКМК тарабынан кармалды

УКМК бюджеттик каражаттарды туура эмес сарптоо фактысы боюнча Бишкек мэриянын райондук администрация башчыларынын бири кармалганын билдирди.


Ал Жазык кодексинин 205-беренесинин 3-бөлүмү (Ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же ысырап кылуу) боюнча сотко чейинки өндүрүштүн алкагында кармалганы айтылат. УКМК акимдин Ч.Ч. деген инициал менен берген. Бул Ленин районунун акими Чынасыл Чыныбаев менен дал келүүдө.


"Такталган маалымат боюнча кармалган адам бюджеттик каражаттарды үгүт иштери үчүн депутаттыкка талапкерлердин бирине мыйзамсыз бөлүп берген. Бул акча Бишкектеги аймактардын бирин жакшыртууга арналган болчу. Кармалган кызматкер УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Тергөө иштери жүрүп жатат", — деп жазылат маалыматта.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн