Бишкек шаары боюнча Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматы Бишкек шаардык милициясынын Ички иликтөө кызматы менен биргеликте Ленин райондук Ички иштер башкармалыгынын тергөө кызматынын тергөөчүсүн кармады. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматы билдирди.
Белгилүү болгондой, Финполго “А.К.” аттуу жаран кайрылып, маселени оң жагына чечүү үчүн Бишкек шаардык Ленин райондук ИИБ тергөөчүсү тарабынан акча каражатын талап кылуу фактысы боюнча билдирүү келип түшкөн.
Бишкек шаары боюнча Финполициянын кызматкерлери тарабынан тиешелүү иш-чараларды жүргүзүүдө Бишкек шаардык Ленин райондук ИИБ тергөө кызматынын тергөөчүсү “К.Н.” пара алып жаткан жеринен кармалган.
Бишкек шаардык Биринчи май райондук соту кармалган жаранга карата Бишкек шаарындагы СИЗО №1ге 2 айга камоо түрүндө баш коргоо чарасын тандады.
Азыркы учурда тергөө иштери жүрүүдө.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн