10-августта саат 00:00дө 10-сентябрга белгиленген Жогорку Кеңештин депутатын кайра шайлоодо No26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча депутаттыкка талапкерлерди көрсөтүү аяктады.
БШКнын маалыматы боюнча, саат 00:00гө карата 34 талапкер үгүт иштерине катышуу ниетин билдирген (28 эркек, 6 аял). Акыркы күнү 4 талапкерден арыз түшкөн.
Бүгүнкү күндө No26 Ленин шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына 6 талапкер катталды. БШК бир талапкерди каттоодон баш тартты.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн