Бугу 08, 2024
Убакыт: 15:25
USD
88.50
89.40
EUR
94.80
95.80
RUB
0.955
0.975

Ленин шайлоо округунан талапкерлердин биринин соттолгондугу тууралуу маселе каралып жатат

06.09.2023 09:28
4014
Ленин шайлоо округунан талапкерлердин биринин соттолгондугу тууралуу маселе каралып жатат


БШКнын ыкчам аракеттенүү боюнча координациялык тобу социалдык тармактарда No26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча депутаттыкка талапкерлердин бири Кубанычбек Самаковдун соттолгондугу тууралуу билдирүүнү текшерип жатат.


Аталган топтун мүчөлөрү маселени тактоо өтүнүчү менен УКМК менен Ички иштер министрлигине кайрылышкан. Белгиленгендей, мыйзамга ылайык, соттук иштери аяктай элек жаран шайлоого катыша албайт.


Кубанычбек Самаков атасы Карганбек Самаков менен бирге 2017-жылы жер тилкелерин мыйзамсыз трансформациялоо боюнча күнөөлүү деп табылган. Ал үй-мүлкүн конфискациялоо менен сегиз жылга эркинен ажыратылган, бирок мунапысты эске алуу менен мөөнөтү үчтөн бирине кыскарган.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн