Бештин айы 26, 2024
Убакыт: 21:55
USD
86.85
87.35
EUR
90.10
91.10
RUB
0.860
0.900

Ленинградда КМШ мамлекет башчыларынын бейформал жолугушуусу өттү

26.12.2024 08:33
51
Ленинградда КМШ мамлекет башчыларынын бейформал жолугушуусу өттү


Кечээ, 25-декабрда, Ленинград облусунда Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине кирген өлкөлөрдүн лидерлеринин бейрасмий жолугушуусу болуп өттү.

Салтка айланган саммитке президент Садыр Жапаров менен катар Беларустун президенти Александр Лукашенко, Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев, Россиянын президенти Владимир Путин, Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон, Түркмөнстандын президенти Сердар Бердымухамедов жана Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев катышты.

Өз сөзүндө Владимир Путин 2024-жылы КМШга төрагалык кылуучу өлкө катары Россиянын негизги аракеттери Евразия мейкиндигинде интеграцияны өнүктүрүүгө, Шериктештиктин эл аралык аброюн бекемдөөгө, анын аткаруу органдарынын натыйжалуу ишмердүүлүгүн камсыздоого багытталганын белгиледи. Артыкчылыктуу көңүл экономикалык өз ара аракеттенүүнү тереңдетүүгө, товарлардын, кызмат көрсөтүүлөрдүн эркин кыймылын камсыз кылууга, соодадагы тоскоолдуктарды жоюуга жана бажы жол-жоболорун жөнөкөйлөтүүгө бурулду.

Ошондой эле ал шериктештик өлкөлөрү мындан ары да социалдык-экономикалык өнүктүрүү, туруктуулукту жана коопсуздукту чыңдоо маселелерин чечүүнүн үстүндө биргелешип иш алып барарына ишенимин билдирди.

Андан кийин КМШ өлкөлөрүнүн лидерлери Автоклуб жана Автомузей жайгашкан “Игора Драйв” автодромуна барышты. Ал жерден алар кышкы спорт оюндарын көрүштү. Маданий программа “Муз үстүндөгү шоу” көрсөтүү менен аяктады.

Мамлекет башчылары бейформал түрдө баарлашып, актуалдуу эл аралык жана регионалдык темалар боюнча пикир алмашты.

2025-жылдын 1-январынан тартып шериктештикке төрагалык кылуу функциялары Тажикстанга өтөт.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн