Бугу 15, 2024
Убакыт: 09:07
USD
88.40
89.30
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.980

Ленская көчөсүнүн бир бөлүгү оңдоого жабылды

10.05.2023 15:19
242
Ленская көчөсүнүн бир бөлүгү оңдоого жабылды

Бишкек шаарынын Ленская көчөсүндө оңдоо иштери башталды.


Муниципалитеттен билдиришкендей, учурда Ленская көчөсүнүн Фучик көчөсүнөн Чоң Чүй каналына чейинки бөлүгүн реконструкциялоо иштери жүрүп, ирригациялык тармактарды тартуу жана тротуарды капиталдык оңдоо иштери каралууда.


"Учурда аталган көчөнүн чыгыш тарабына асфальт төшөө үчүн даярдыктар көрүлүүдө. Жолдун батыш тарабы унаалар үчүн ачык", - деп айтылат маалыматта.


Унаалардын агымынын көптүгүнө байланыштуу тыгындын пайда болушуна жол бербөө максатында жол кыймылын жарым-жартылай жабуу менен иш жүргүзүү чечими кабыл алынды.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн