Бугу 03, 2024
Убакыт: 14:37
USD
88.70
89.60
EUR
94.80
95.80
RUB
0.945
0.975

Lexus унаасы унаа жуучу жайдан уурдалды

12.08.2021 11:50
497
Lexus унаасы унаа жуучу жайдан уурдалды

Бишкек шаарында унаа айдап качууга шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.


Маалыматка ылайык, 11-августта болжол менен саат 11:00 чамасында “102” кызматына Чүй жана Лермантов көчөлөрүнүн кесилишинен унаамды мыйзамсыз айдап кетти деген маалымат келип түшкөн.


Айтылган дарекке барган милициянын кайгуул кызматкерлери маалыматты тактаганда 37 жаштагы жаран арыз менен кайрылган. Анда ошол эле даректеги унаа жуучу жайдан Лексус ES 330 үлгүсүндөгү автоунаасын белгисиз жарандар мыйзамсыз айдап качып кетишкенин жазган. Издөө иш-чараларынын негизинде кылмыш изи сууй электе шектүү катары 32 жаштагы жаран кармалып, Свердлов райондук милициясынын тергөө кызматына өткөрүлүп берилген. Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 206-беренеси "автотранспорт каражаттарын айдап качуу" негизинде сотко чейинки өндүрүшкө алынган.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн