Бугу 19, 2024
Убакыт: 03:14
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Lexus'тун рулуна ээ боло албай, 19 жаштагы кыз көз жумду

Lexus'тун рулуна ээ боло албай, 19 жаштагы кыз көз жумду

Кой-Таш айылында унаа даракты сүзүп, айдоочу 19 жаштагы кыз ооруканада каза болду. Бул тууралуу Чүй ОИББинин басма сөз кызматынан кабарлашты.


Маалыматка ылайык, 15-июнь күнү болжол менен саат 18:00 чамасында Аламүдүн РИИБинин нөөмөт бөлүмүнө Кой-Таш айылында болгон унаа кырсыгы боюнча маалымат түшкөн. Жерине Аламүдүн РИИБинин ыкчам тергөө тобу барып, төмөнкүлөрдү аныкташкан.


Бишкек-Кой-Таш-Теплые ключи унаа жолунун 2-чакырымында 2003-жылы туулган А.А. Лексус РХ 330 үлгүсүндөгү унаасы менен түштүктөн түндүктү көздөй бара жатып рулга ээ боло албай, жолдун оӊ жак бетиндеги бакты сүзгөн.


Натыйжада айдоочу алган жаракатынан улам ооруканада каза болгон. Мындан тышкары жүргүнчү катары бара жаткан 2000-жылы туулган Т.Т. ар кандай жаракаттар менен ооруканага кайрылган.



Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн