Тогуздун айы 25, 2024
Убакыт: 06:26
USD
85.65
86.15
EUR
92.30
93.30
RUB
0.880
0.915

Лейлек районун акиминин орун басары: 17 миңдей адам үйүн таштап чыккан. Бүгүн айрымдары үйүнө кайта баштады

13.04.2022 09:14
675
Лейлек районун акиминин орун басары: 17 миңдей адам үйүн таштап чыккан. Бүгүн айрымдары үйүнө кайта баштады

17 миңдей адам өз ыктыяры менен үйүн таштоого мажбур болгон. Мындай пикирин Лейлек районунун акиминин орун басары Максатай Каримбердиева 24.кг агенттигине билдирген.


Анын айтымында, айрым адамдар бүгүн үйүнө кайта баштады.


"Чек арадагы чатактан улам 17 миңдей адам өз ыктыяры менен коопсуз аймакка чыккан. Алар бала бакча, мектептерге жана коопсуз айылдагы туугандарынын үйлөрүнө жайгаштырылды.

Өздөрүн начар сезген жарандарга медициналык жардамдар көрсөтүлүүдө.

Бүгүн айрым адамдар үйлөрүнө кайта баштады",- деди акимдин орун басары.


Эске салсак, 12-апрелде тажик аскерлери кыргыз тарапка кирип келген. Кыргыз жоокерлери эскертүү иретинде асманга ок чыгарган. Ал эми тажик аскерлери кыргыз аскерлерине карай ок ата баштаган.

Мындан улам ортодогу чатак күчөп кеткен.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн