Бугу 10, 2024
Убакыт: 00:48
USD
88.50
89.40
EUR
94.80
95.80
RUB
0.955
0.975

Лейлек районун чек арадагы айылында күйүүчү май тартыштыгы пайда болду

13.04.2022 16:26
648
Лейлек районун чек арадагы айылында күйүүчү май тартыштыгы пайда болду

 

 

Ушул маалда Баткендин Лейлек районуна караштуу чек арадагы Жаңы-Жер айыл өкмөтүндө күйүүчү май таңкыстыгы жаралды. Бул тууралуужергиликтүү тургундардын бири Тайырбай Бабаев билдирди. 

 

"Айылда эки эле адам Кулунду, Раззаков шаарларынан өздөрү ташып келип сатат. Баасы кымбат. Аларга деле ташып келүү кыйын. Айыл өкмөтүнөн маалымдама алышы керек, экөө биригип ашып кетсе жумасына 1,5 тонна күйүүчү май алып келет. Эгер жардам берилбесе, түндөгүдөй окуялар кайталанса, эл эвакуация болуп, коопсуз жайга чыгып кете албай калышат. Мисалы, кечээ миң машине чыккан болсо ошонун 400ү май жок жолдо калды. Маргунга жетип, бирок кайтканга майы жок калып калгандары бар. Бул маселе губернаторго айтылган, аракет кылабыз деп эле калып калды. Көп нерседен үмүтүбүз үзүлдү". 

 

Жеригиликтүү тургундардын айтымында, азыр АИ-92 үлгүсүндөгү бир литр күйүүчү май 80 сомдон, ал эми солярка 75 сомдон сатылып жатат.


Булак: "Азаттык"

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн