Бугу 09, 2024
Убакыт: 07:00
USD
88.50
89.40
EUR
94.80
95.80
RUB
0.955
0.975

Лейлек районуна ГЭС куруу үчүн тендер жарыяланды

03.11.2021 14:20
837
Лейлек районуна ГЭС куруу үчүн тендер жарыяланды

Лейлек районуна ГЭС куруу пландалууда. Бул тууралуу мамлекеттик сатып алуулар мекемесинен кабарлады.


Айыл чарба министрлигине караштуу Суу чарба мамлекеттик агенттиги ГЭС Козу-Баглан  дарыясына  куруу боюнча долбоордук-изилдөө иштерин сатып алууга тендер жарыялады. Бул долбоорго 180 миллион сом жумшоо пландаштырылып жатат.


Суу сактагыч курулса Кайраккум суу сактагычынан насостук станциялар каскады менен сугарылып жаткан Арка массивинин жерлерин Козу-Баглан дарыясынан гравитациялык сугатка өткөрүү ишке ашырылат. Мындан сырткары, 1800 гектар жаңы жерди өздөштүрүү жана жер казынасын көбөйтүү үчүн суу сактагычты курууну көздөп жатканы белгиленген.


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн