Тогуздун айы 06, 2024
Убакыт: 04:11
USD
84.60
85.10
EUR
92.70
93.70
RUB
0.880
0.925

Лейлек районуна гуманитардык жардам жеткирилди

30.04.2021 16:10
881
Лейлек районуна гуманитардык жардам жеткирилди

Баткен облусунун Лейлек районуна гуманитардык жардам жөнөтүлдү. Бул тууралуу өкмөттүн аталган облустагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү, ӨКМ жана Кызыл Жарым ай коому тарабынан Баткендин Лейлек районуна атайын учак менен медициналык дары-дармек, гигиеналык каражаттар жиберилди. Жүк ташуучу унаалар менен азык-түлүк да жөнөтүлүүдө.

Белгилей кетсек, кечээ, 29-апрель күнү кечинде Лейлек районунун чек аралаш аймактарынан 13 миң 500 адам коопсуз жайга чыгарылган.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн