Бугу 02, 2024
Убакыт: 06:06
USD
88.80
89.70
EUR
94.50
95.50
RUB
0.940
0.965

Лейлек районунда 15 километр жол асфальтталды

28.09.2021 11:36
1957
Лейлек районунда 15 километр жол асфальтталды


 Баткендин Лейлек районунда жалпы 15 чакырым жолго асфальт төшөлдү. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин Жол чарба департаментинин директорунун орун басары Бекназар Базаралиев "Кабар" агенттигинде өткөн жыйында билдирди.


Анын айтымында, үстүбүздөгү жылдын апрелинде кыргыз-тажик чек арасындагы окуядан улам президент Садыр Жапаровдун жолдорду оңдоо боюнча жарлыгы чыккан.


"Анын алкагында айрым жолдор оңдолуп бүттү. Чек арага жакын жайгашкан жолдордо курулуш иштери жүрүүдө. Кыш мезгилинде да оңдоп-түзөөлөр токтобойт”, - дейт ал.


Базаралиев кошумчалагандай, Кулунду - Максат - Арка жолун оңдоодо алгач 10 чакырым каралып, кийин Саада, Максат айылдарынын ички 2,5 чакырым жолдору кошулуп, оңдолду.


“Ошондой эле Аксай - Раваттын 3 чакырымына асфальт төшөлүп берилди”, - деп айтат ал.


Эскерте кетсек, "Баткен облусунун статусу тууралуу" мыйзам долбоорун Жогорку Кеңеш үч окууда жактырган.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн