Чын курандын 23, 2024
Убакыт: 17:07
USD
88.90
89.70
EUR
94.60
95.60
RUB
0.945
0.960

Лейлек районунда 2 жаңы бала бакча ачылды (фото)

31.05.2021 07:35
2413
Лейлек районунда 2 жаңы бала бакча ачылды (фото)



Бүгүн 29-майда, Баткен районунун Рават айылында жана Лейлек районунун Катраң айылында 50 орундуу бала бакча салтанаттуу ачылып, пайдаланууга берилди. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин Баткен облусундагы өкүлчүлүгү кабарлады.


Салтанатка КРнын Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Абдирашит Ташбалтаев баштаган жергиликтүү жетекчилер жана АРИС уюмунун аткаруучу директору Бекжан Супаналиев баш болгон аталган уюмдун өкүлдөрү, жергиликтүү тургундар катышты.  


Балдар бакчаларынын курулушу Кыргыз Республикасынын коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо Агентствосу (АРИС) тарабынан Рават айылындагы бала бакча үчүн 14млн сом каржыланып, Ак-Татыр айыл өкмөтүнүн бюджетинен жана жергиликтүү коомчулуктан 1 048 923,59 сом салым болгон.

 

Ал эми Катраң айылындагы бала бакча үчүн, АРИС уюму тарабынан 11млн сом каржыланып, айыл өкмөтү жана жергиликтүү коомчулуктан 1 797 164,84 сом салым кошулган. 


КРнын Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн