Бугу 03, 2024
Убакыт: 11:50
USD
88.70
89.60
EUR
94.80
95.80
RUB
0.945
0.975

Лейлек районунда 225 орундуу мектептин жаңы имаратынын курулушу башталды

19.01.2024 13:29
390
Лейлек районунда 225 орундуу мектептин жаңы имаратынын курулушу башталды


Баткен облусуна караштуу Лейлек районунун Ай-Көл айылындагы Наркозу Батыров атындагы орто мектептин жаңы имаратынын курулушуна капсула салынды. Иш-чарага билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева катышкандыгын ведомстводон билдиришти.

Курулушу башталган 225 орундуу типтүү мектептин жаңы имаратынын жалпы сметалык баасы – 70 млн сомду түзөт. Каражат республикалык бюджеттин эсебинен каржыланды. Курулуш иштерин тендерден уткан “Илек Строй Групп” курулуш компаниясы жүргүзөт.

Учурда мектепте 31 мугалим 11 техкызматкер эмгектенет жана 284 окуучу билим алууда.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн