Бугу 17, 2024
Убакыт: 02:15
USD
88.40
89.30
EUR
95.80
96.80
RUB
0.960
0.980

Лейлек районунда ар улуттун өкүлдөрүнүн катышуусунда “Достук – биздин күчүбүз!” аттуу иш-чарасы өттү

21.02.2022 11:44
1013
Лейлек районунда ар улуттун өкүлдөрүнүн катышуусунда “Достук – биздин күчүбүз!” аттуу иш-чарасы өттү

Лейлек районунда “Достук – биздин күчүбүз!” аттуу иш-чарасы өттү.  Бул тууралуу Баткен ОИИБнын Басма сөз кызматы билдирди.


Лейлек районунун Андарак айылында Сумбула айыл аймагындагы мектептердин ортосунда “Достук – биздин күчүбүз!” аталышындагы спорттук иш-чаралар болуп өттү. Бул иш-чара Лейлек РИИБнин жетекчилиги тарабынан демилгеленип, 23-февраль-Мекенди коргоо күнүнө арналды.


Бул иш-чаранын максаты аймактарда окуган ар улуттун өкүлдөрүн ынтымакка чакыруу жана окуучулар арасындагы кылмыштуулуктун алдын алуу, өлкөнүн туруктуулугу үчүн укук бузууларга жол бербөө.


“Достук – биздин күчүбүз!” аталышындагы иш-чаранын жыйынтыгында жеңген командарларга Лейлек РИИБнин сыйлуу белектери жана дипломдору тапшырылды.


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн