Бугу 06, 2024
Убакыт: 03:44
USD
88.70
89.60
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

Лейлек районунда кыргыз-тажик аксакалдары жана бийлик өкүлдөрү "ынтымак чайына" чогулду

19.02.2022 19:46
1858
Лейлек районунда кыргыз-тажик аксакалдары жана бийлик өкүлдөрү "ынтымак чайына" чогулду

Бүгүн, 2022-жылдын 19-февраль күнү саат 12:00дө, Жаңы-Жер айыл аймагынын Борбордук айылындагы "Рано" кафесинде Лейлек районунун, Тажик Республикасынын Б.Гафуров районунун аксакалдарынын, жетекчилеринин катышуусу менен "ынтымак жолугушуусу" өткөрүлдү. Бул тууралуу Лейлек районунун администрациясы кабарлады.


Жолугушууга эки тараптан 100дөй адам катышып, чай үстүндө ынтымакка,достукка кайтуу боюнча ойлорун билдиришти.


Аксакалдар жаштарга эки элдин эзелтеден бери келе жаткан достугу, барды-келди мамилеси тууралуу айтышып, бул салтты улантууну насаат кылышты. Эки райондун жетекчилери, аксакалдар чыгып бул багытта өз ойлорун ортого салышты. Акырында аксакалдар эки элдин ынтымагын тилеп, бата кылды.

Пикирлер (2)

Коопсуздук коду
Бактыбай
Бул жолгушууга чондор бийлик окулдору барган болсо бул жерде да Бир нерсени уткуруп жиребесек эле болду Себеби Кезинде Мадумаров да Ушинтип Эл менен барып Жайлаган болчу
Мунара
Туура деп ойлоймун, бизда алардын да элдери тынчтыкты каалайбыз. Жерди канча талашпайлы жерди калат баарыбыз ошо жердин астына кетебиз. Тынчтык болсун! Лейлегимде тынч жашайлы.