Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 03:38
USD
84.20
84.70
EUR
93.50
94.50
RUB
0.890
0.940

Лейлек районунда күйүүчү майды мыйзамсыз ташып бара жаткан 4 жүк ташуучу унааны кармалды

03.03.2021 17:51
1810
Лейлек районунда күйүүчү майды мыйзамсыз ташып бара жаткан 4 жүк ташуучу унааны кармалды

Лейлек районунда күйүүчү майды мыйзамсыз ташып бара жаткан 4 жүк ташуучу унааны кармады. Бул тууралуу У КМКнын басма сөз кызматы билдирди.


2021-жылдын 1-мартында аталган кызматтын кызматкерлери Баткен облусунун Лейлек районунда күйүүчү-майлоочу майды мыйзамсыз ташып бара жаткан 4 жүк ташуучу унааны кармашкан.


Кармоо Мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү фактысы боюнча  бирдиктүү реестрге катталган сотко чейинки өндүрүштүн материалдарынын алкагында жүргүзүлдү.


Кармалган унаалар күйүүчү-майлоочу материалдарды мыйзамсыз ташуу үчүн контейнерлердеги идиштер менен атайын кайрадан жабдылгандыгы аныкталды.

Айдоочулардын колунда жүк, унаа каражаттары жана өздүгүн тастыктаган документтер болгон эмес.

Табылган контрабандалык күйүүчү-майлоочу майдын жалпы көлөмү 40 тоннадан ашык.


Коңшу республикалардын биринин жарандарына тиешелүү кармалган унаалар контрабанда ишин жашыруу үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамсыз мамлекеттик номурларын колдонушкан.


Учурда, иштин бардык жагдайларын жана бул фактыга тиешеси бар адамдарды аныктоого багытталган иш-чаралар жүргүзүлүүдө.


Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 1-мартындагы токтомуна ылайык, Кыргыз Республикасынан Евразия экономикалык бирлигинин бажы аймагынын чегинен тышкары нефтини жана мунай заттарын экспорттоого  убактылуу тыюу салынды.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн