Бугу 09, 2024
Убакыт: 13:16
USD
88.50
89.40
EUR
94.80
95.80
RUB
0.955
0.975

Лейлек районунда мамлекеттик чек араны мыйзамсыз кесип өткөн жаран кармалды

Лейлек районунда мамлекеттик чек араны мыйзамсыз кесип өткөн жаран кармалды

Лейлекте мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өткөн жаран кармалды. Бул тууралуу Баткен ОИИБдин Басма сөз кызматынан билдиришти.


Лейлек РИИБдин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызматынын кызматкерлери тарабынан Лейлек районунун аймагында жүргүзүлгөн “Экстремист” операциясынын жүрүшүндө мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү фактысы аныкталган.


Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 378-беренеси (Мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү) менен кылмыш иши козголгон. Жогорудагы кылмыш ишинин негизинде милиция кызматкерлери ыкчам-иликтөө иш-чараларын жүргүзүшүп, натыйжада жергиликтүү тургун 1973-жылы туулган Х.Б. кармашкан.


Шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Учурда тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.



Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн