Бугу 16, 2024
Убакыт: 20:16
USD
88.40
89.30
EUR
95.80
96.80
RUB
0.960
0.980

Лейлек районунда милиция имамдар менен биргеликте ысырапкерчилик боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө

10.03.2022 09:26
483
Лейлек районунда милиция имамдар менен биргеликте ысырапкерчилик боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө

Лейлекте ысырапкерчилик боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу Баткен ОИИБнын Басма сөз кызматы билдирди.


Кыргыз Республикасынын Президенти С.Жапаровтун маркумду эскерүү үрп-адаттарын жана маркумга арналган иш-чараларды жана башка үй-бүлөлүк иш-чараларды өткөрүүдө ысырапкерчилике жол бербөө багытында чыккан Жарлыгын Лейлек РИИБнин милиция кызматкерлери менен кошо жергиликтүү өзүн өзү башкаруу органдарынын өкүлдөрү, имам хатибтери менен биргеликте түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө.


Бул ирет Раззаков шаар башкармалыгына караштуу Голбо айылындагы элдер менен жолугуп, Жарлыкты жеткирип, ашыкча ысырапкерчилик элди социалдык жана экономикалык жактан зыяндарга учураткан жагдайлар боюнча талкуулар болду.



Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн