Теке 09, 2025
Убакыт: 01:18:34
USD
87.30
87.80
EUR
102.30
103.30
RUB
1.110
1.135

Лейлек районунда рейд учурунда 11 бала тилемчилик кылып жүргөнү аныкталды

18.08.2022 10:38
991
Лейлек районунда рейд учурунда 11 бала тилемчилик кылып жүргөнү аныкталды

Лейлек районунун аймагында “Тилемчилик” иш-чарасында 11 бала аныкталды. Бул туурасында Баткен ОИИБдин Басма сөз кызматы кабарлады.


Маалыматка ылайык, Лейлек РИИБдин коомдук коопсуздук кызматынын кызматкерлери “Тилемчилик” иш-чарасынын алкагында көзөмөлсүз жүргөн, базарларда, коомдук жайларда тилемчилик кылып жүргөн балдарды аныктоо максатында бир топ иштерди аткарды.


Жыйынтыгында 11 бала аныкталып, алардын ата-энелери, мыйзамдуу өкүлдөрү чакыртылып түшүндүрүү иштерин жүргүзүп эскертүүлөрдү берди.


Ал эми Кыргыз Республикасынын укук бузуу кодексинин негизинде 1 ата-энеге протокол толтурулуп, айып пулдар салынды.



Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн