Аяк оона 21, 2024
Убакыт: 11:49
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Лейлек районунда рейддин жүрүшүндө мыйзамсыз колдонулуп жүргөн мылтык алынды

22.03.2022 15:01
457
Лейлек районунда рейддин жүрүшүндө мыйзамсыз колдонулуп жүргөн мылтык алынды

Лейлекте мыйзамсыз сакталып жүргөн ок атуучу курал алынды. Бул тууралуу Баткен ОИИБнын Басма сөз кызматы билдирди.


Лейлек РИИБнин кызматыкерлери тарабынан “Арсенал”, “Издөө” иш-чараларынын жүрүшүндө, ыкчам маалыматтар алынып, анын негизинде Лейлек РИИБнин кылмыш иликтөө бөлүмүнүнүн кызматкерлери тарабынан  ыкчам иш аракеттер жүрүп, Лейлек айылынын 47 жаштагы тургуну И.Юнун үйүнөн мыйзамсыз сактап жүргөн сайлуу ок атуучу курал жана анын 8даана ок дарыларын аныкталып алынган.


Тергөө иштеринин жүрүшүндө И.Юнун үйүнөн алынган “СКС” үлгүсүндөгү сайлуу куралдын эч кандай документтери аныкталган жок. Бул факты Лейлек РИИБне Кыргыз Республикасынын кылмыш жаза кодексинин 267-беренеси (Куралды, ок-дарыларды мыйзамсыз жүгүртүү) менен катталып, тергөө иштери жүрө баштайт.


Ушул эле кылмыш ишинин алкагында ыкчам кызматкерлер ыкчам маалыматтардын негизинде Лейлек районунун Катраң айыл аймагынын 26 жаштагы А.у Мнын жашаган турак үйүнөн 16 калибрдеги 1стволдуу сайсыз ок атуучу куралы жана 2 даана ок дарылары менен эч кандай документи жок, мыйзамсыз сактап жүргөн жеринен аныкталып алынды. 


Бул алынган ок атуучу куралдарга тиешелүү экспетизалар дайындалып, жыйынтыгы чыгарылды.

Азыркы учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн