Жетинин айы 23, 2024
Убакыт: 03:51
USD
86.55
87.05
EUR
89.80
90.80
RUB
0.830
0.875

Лейлек районунда тажик аскерлери 2 кыргыз аскерин туткунга алган

09.07.2021 14:31
1207
Лейлек районунда тажик аскерлери 2 кыргыз аскерин туткунга алган


Кечээ, 8-июлда Баткендеги кыргыз-тажик чек арасында болгон чырда Кыргызстандын 2 аскери жана кызматтык 3 жылкы туткунга алынды. Бул тууралуу Turmush басылмасы өздүк булактарына таянып билдирди.


Маалыматка караганда, чек арачылар Гош-Жайлоо аймагындагы Наумин ашуусунда жүрүшкөн. Тажикстандын чек арачылары күтүүсүз жерден ок атып, прапорщик Умаров менен сержант Хуснидин Хожиев 3 ат менен кошо туткунга алынган. Сержант Хуснидин Хожиев алган жаракатынан улам каза болгон.


«Гош-Жайлоо» чек ара посту аталган тилкеде май айынан тарта октябрга чейин убактылуу уюштурулат.


Аталган чырдан кийин ал жерде Тажикстандын күч түзүмдөрүнүн катышуусунда териштирүү иштери жүрүп жатат.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн