Бугу 10, 2024
Убакыт: 00:00
USD
88.50
89.40
EUR
94.80
95.80
RUB
0.955
0.975

Лейлек районунда тажик тарап уурдаган уйлар кайтарылды

29.12.2022 15:47
375
Лейлек районунда тажик тарап уурдаган уйлар кайтарылды

Лейлекте Кыргызстан менен Тажикстандын милиция жетекчилери сүйлөшүп, кыргыз тарап уурдалган малдарын кайтарып алды. Бул тууралуу Баткен ОИИБдин Басма сөз кызматынан билдиришти.


2022-жылдын 29-декабрь күнү Лейлек районунун Жаңы-Жер айыл аймагынын Борбордук айылы менен чектешкен Худжант-Канибадам автоунаа жүрүүчү жолдо Лейлек РИИБдин начальниги милициянын подполковниги Б.Кундузов жана Тажик Республикасынын Гафуров РИИБдин начальниги милициянын полковниги И.Вализода менен жолугуп, сүйлөшүүлөрдүн негизинде кыргыз тараптан уурдалып кеткен малдар кайтарылды.


Эки өлкөнүн милиция кызматкерлери жолугушууда эки элдин ортосунда ар кандай пикир келишпөөчүлүктөрдүн жана улуттар аралык чыр-чатактардын алдын алуу, чек ара тилкелеринде жашаган тургундарга пиротехникалык каражаттарды колдонууга тыюу салынганын эскертип, коомдук коопсуздукту көзөмөлдөөнү колго алды.

 Кыргыз тараптын уурдалып кеткен 8 баш бодо малы кайтарылып, өз ээлерине тапшырылды. 

 


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн