Бугу 12, 2024
Убакыт: 00:00
USD
88.50
89.40
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.970

Лейлек районунда уурдалган жүк ташуучу унаа табылды

18.04.2022 11:27
645
Лейлек районунда уурдалган жүк ташуучу унаа табылды

Уурдалган “Хундай Портер” унаасы табылды. Бул тууралуу Баткен ОИИБнын Басма сөз кызматынан билдиришти.


Лейлек районунун Лейлек аймагынын тургуну 50жаштагы К.А. өзүнүн “Хундай Портер” үлгүсүндөгү унаасын белгисиз адамдар тарабынан уурдалгандыгын билдирип Лейлек РИИБне арыз менен кайрылат.


Бул арыз Лейлек РИИБдин Кыргыз Республикасынын Кылмыш жаза кодексинин 211-беренеси (Автомототранспорт каражаттарын айдап качуу) менен катталып, кылмыш иши козголгон.


Лейлек РИИБдин кылмыш иликтөө кызматынын жүргүзгөн ыкчам иликтөө иштеринин жүрүшүндө Лейлек районунун Ак-Суу айыл аймагында убактылуу жашаган Чүй облусунун Сокулук районунун 27 жаштагы Р.С. аттуу тургуну Сүлүктү шаарында изин жашырып жүргөн жеринен аныкталып кармалды.


Азыркы күндө тергөө иштери жүрүп жатат.



Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн