Чын курандын 26, 2024
Убакыт: 14:33
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.980

Лейлек районунда үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктун алдын алуу иштери жүрүп жатат

05.03.2021 16:08
641
Лейлек районунда үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктун алдын алуу иштери жүрүп жатат

Лейлек райондук Ички иштер башкармалыгынын милиция кызматкерлери жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, коомдук алдын алуу борборлорунун мүчөлөрү менен биргеликте айыл тургундарынын арасында зордук-зомбулуктун алдын алуу максатында үзгүлтүксүз иш-чараларды өткөрүшүүдө. Бул тууралуу Баткен облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирди.


Маалыматка ылайык, үй-бүлөлүк зомбулуктун жагдайларын аныктоо максатында милициянын участкалык кызматкерлери жергиликтүү айыл башчылары менен бирге чыр-чатактуу үй-бүлө мүчөлөрү менен баарлашып, тыгыз иш алып барышууда.

Мындан сырткары, ар бир айыл аймактарды кыдырган милициянын көчмө кабылдамасы да жергиликтүү тургундардын калк арасындагы укук бузуу фактыларынын алдын алуу, үй-бүлөлүк зордук-зомбулукка жол бербөө максатында элеттиктер менен кылмыштуулуктун алдын алуу багытында түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө.

Эскерте кетсек, 2021-жылдын 2 ай аралыгында Лейлек районунун аймагында үй-бүлөлүк зордук-зомбулук боюнча 8 факт катталып, коргоо ордерлери берилген.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн