Бугу 17, 2024
Убакыт: 04:18
USD
88.40
89.30
EUR
95.80
96.80
RUB
0.960
0.980

Лейлек районунда заманбап шарттар менен камсыздалган "Максат" чек ара заставасы ачылды

29.05.2023 11:40
302
Лейлек районунда заманбап шарттар менен камсыздалган "Максат" чек ара заставасы ачылды

Баткен облусуна караштуу Лейлек районунда "Максат" чек ара заставасы ачылды. Иш-чарага Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев катышты.


УКМКдан кабарлашкандай, жаңы ачылган заставанын имаратынын жана бөлүктөрүнүн абалы менен таанышып чыккан.


Заставанын имараты жаңыдан түптөлүп, аскер кызматкерлеринин кызмат өтөө жана жашоо шарттары заман талабына шайкеш деңгээлде жакшыртылган. Мында аскерлердин эс алуу бөлмөлөрү, машыгуу залы, фельдшердик бөлүм, жайкы ашкана, футбол аянтчасы, унаа токтоочу жайлары, мончо сыяктуу эң зарыл болгон шарттар камсыздалган.


Алыскы аймактардан келип кызмат өтөгөн кызматкерлердин үй-бүлөсүнүн абалы эске алынып, кызматтык үйлөр да камсыздалган, балдар үчүн ойноочу аянтчасы да бар.


Камчыбек Ташиев чек ара кызматынын өкүлдөрү жана жоокерлер менен бирге тамактанып, жакындан баарлашты.


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн