Жетинин айы 23, 2024
Убакыт: 02:24
USD
86.55
87.05
EUR
89.80
90.80
RUB
0.830
0.875

Лейлек районунда жаңы оорукананын курулушу башталды (Фото)

22.03.2021 16:47
1985
Лейлек районунда жаңы оорукананын курулушу башталды (Фото)



Бүгүн 22-март күнү Баткен облусунун Лейлек районундагы Кулунду айылында “Кулунду жалпы дарыгерлик-практика борборунун” жаңы имаратынын курулушу башталып, пайдубалын түптөө аземи болуп өттү. Бул тууралуу КРнын Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы билдирди.


Иш чарага Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Омурбек Суваналиев катышып,оорукананын курулушуна капсула салды.Ыйгарым укуктуу өкүл,аймак элин бул жакшы саамалык менен куттуктап,курулушту каржылоого алган "Ас-Сафа-Борбору" коомдук бирикмесине жана бирикменин аткаруучу директору Ибрагим Мальсаговго ыраазычылыгын билдирди.Ошондой эле "аталган бирикменин,облустун социалдык муктаждыктарын жеңилдетүүгө кошкон салымы,өзгөчө баалоого арзыйт" деп белгиледи.


“Кулунду жалпы дарыгерлик-практика борборунун” жалпы аянты 510 м2 болгон эки кабаттуу жаңы имаратында, хирургия бөлүмү, жандандыруу бөлүмү, дарыгерлер жана медайымдар бөлмөлөрү, ошондой эле бейтаптар үчүн кааналар болот.


      Курулуш иштери аяктагандан кийин бирикме тарабынан,ооруканага керектүү медициналык шаймандар, заманбап жабдуулар да орнотулат. Курулуш 2021-жылдын октябрь айында аяктап,пайдаланууга берүү пландаштырылууда.


Аталган имараттын жалпы сметалык баасы 28 000 000 сомду түзөт.

       

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн