Бугу 16, 2024
Убакыт: 21:18
USD
88.40
89.30
EUR
95.80
96.80
RUB
0.960
0.980

Лейлек районунда жыл башынан бери окуучулар арасында 2 суицид катталган

25.05.2022 12:41
1262
Лейлек районунда жыл башынан бери окуучулар арасында 2 суицид катталган


   

      Раззаков шаарындагы 4-гимназия орто мектебинде Лейлек РИИБнин жетекчилигинин демилгеси менен чоң жыйын өткөрүлдү. Жыйынга район аймагындагы мектеп директорлору, билим берүү мекемелеринин өкүлдөрү катышты. Бул тууралуу Баткен ОИИБнын Басма сөз кызматы билдирди.


     Жыйындын максаты 9-июнда өткөрүлүп жаткан акыркы коңгуроо майрамы, ошондой эле мектеп бүтүрүүчүлөрүнүн бүтүрүү кечелеринде укук бузуулардын алдын алуу жана кылмыштуулукка жол бербөө. Ошондой эле мектеп мугалимдеринин мыйзамсыз акча жыйноо, кафе-ресторандарда иш-чара өткөрүүгө, мектеп окуучулары өз алдынча тоолорго, экскурцияларга чыгууга, кымбат унааларды жалдап алышып кортеж уюштуруп сейилдөөгө тыюу салынганы боюнча жергиликтүү милиция эскертүүлөрдү берди. 

     Эгерде район аймагында жогоруда тыюу салынган көрүнүштөр болсо, Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин беренелеринде көрсөтүлгөн жазалар ата-энелерге да колдонууларын, ата-энелердин жоопкерчилиги чоң экенин билдиришип, жаш өспүрүмдөрдүн коопсуздугуна көзөмөл күчөтүүлөрүн белгиленди. 

     Лейлек район аймагында жыл башынан бери жаш өспүрүмдөр тарабынан жасалган 4 уурулук, 1 автоуурулук катталып бети ачылган. Ал эми 2 факты суицид катталып, 2 жаш өспүрүм каза болгон. 1 жаш өспүрүм катышкан жол кырсыгы катталган.



Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн