Бугу 19, 2024
Убакыт: 18:20
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Лейлек районундагы Картаң-Коргон-Раззаков жолу селден кийин бир тараптуу ачылды

20.05.2022 12:12
707
Лейлек районундагы Картаң-Коргон-Раззаков жолу селден кийин бир тараптуу ачылды

Лейлек районундагы Катраң-Коргон-Раззаков унаа жолу бир тараптуу ачылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.


Маалыматка ылайык, кечээ, 19-майда саат 19:30дар чамасында катуу жааган жаандын кесепетинен сел жүрүп, Лейлек районунун Катраң-Коргон-Раззаков унаа жолу убактылуу жабылган.


Калыбына келтирүү иштерине Катраң айыл өкмөтүнөн 1 автогрейдер, 1 автожүктөгүч тартылып, жол каттамы бир тараптуу ачылды.


Лейлек райондук энергия менен камсыз кылуу жана жарыкты чүмбөттөө кызматынын көмөгү менен Баул айылындагы электр мамычасын калыбына келтирүү жумуштары жүргүзүлүүдө.


 

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн