Теке 08, 2025
Убакыт: 10:44
USD
87.30
87.80
EUR
102.30
103.30
RUB
1.105
1.130

Лейлек районундагы чек арага жакын айылдардын жолдору оңдолууда

15.05.2023 13:19
538
Лейлек районундагы чек арага жакын айылдардын жолдору оңдолууда

Баткен облусундагы Кайрагач – Кулунду – Арка унаа жолундагы көпүрө капиталдык оңдоодон өткөрүлдү. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникация министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.


Кайрагач – Кулунду – Арка унаа жолундагы көпүрө оңдолуп, бекемделип, тосмолору сырдалып, тазаланды.


Ошондой эле жолчулар тарабынан Ош – Баткен – Раззаков унаа жолунда жаралган аң-чөнөктөрдү толтуруу, жол элементтерин актап, сырдоо жана айлананы таштандыдан тазалоо иштери аткарылууда.


Мындан сырткары, Мурас айылына жакын жердеги Бели-Сынык ашуусунун жолу кеңейтилип, калк жана чек арачылар үчүн Маргун – Достук жана Тогуз – Булак-Сүлүктү – Базак-Сай шагыл жолдору салынууда.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн