Бүгүн, 20-майда Лейлек районунун Баул айылындагы "Жаны-Турмуш" орто мектебине бир катар мамлекеттик кызматтарда жетекчи болуп иштеген коомдук ишмер Дастан Бердиевдин аты ыйгарылды.
Аталган иш-чарага Лейлек районунун билим берүү бөлүмүнүн башчысы Улукбек Жээмуратов, Дастан Бердиевдин жакындары, кесиптештери жана Баул айылынын тургундары катышты.
Белгилей кетсек, 2018-жылы Баул айылындагы ашар жолу менен курулган "Жаны-Турмуш" орто мектеби мамлекеттик бюджеттин эсебинен жаңыланып, бардык шарттары менен кайрадан салынган.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн